Баланын социалдашуу процессинде үй-бүлөдө ата-энелердин орду



Скачать 13.02 Kb.
Дата28.04.2019
Размер13.02 Kb.

ОГПИнин улук окутуучусу Умарова Рита Нурдиновнанын “Баланын социалдашуу процессинде үй-бүлөдө ата-энелердин орду” деген темадагы илимий макаласына
РЕЦЕНЗИЯ
Азыркы мезгилдеги Кыргыз Республикасындагы ички жана тышкы миграциянын таасиринен үй-бүлө институту балдардын алдындагы өз милдеттерин талаптагыдай аткара албай калууда. Ал эми балдардын бактылуу келечегин түптөөдө үй-бүлөнүн, өзгөчө ата-эненин ата-энелердин ролунун теңдешсиз экендиги педагогика жана психология илимдериндеги аксиома. Бул өңүттөн алып караганда Умарова Рита Нурдиновнанын “Баланын социалдашуу процессинде үй-бүлөдө ата-энелердин орду” деген темадагы илимий макаласы бүгүнкү күндүн эң актуалдуу жана көйгөйлүү маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Макалада балдарды үй-бүлөдө социалдаштыруу процессиндеги ата-энелердин милдетин ачып көрсөтүү максатында педагогика илимдеринин негиздөөчүлөрү Я.А.Коменский, Дж. Локк, Ж.Ж.Руссо, Н.К.Крупская, А.С.Макаренко, В.А.Сухомлинскийлердин эмгектерине, андагы бараандуу идеяларына таянуу менен теориялык жактан ишенимдүү далдилдөөгө жетише алган.

Теориялык жактан негизделген ойлор турмуштук фактылар жана кыргыз элинин тарбиялоо салттарынын мисалында талдоого алынган. Макаладагы берилген ойлор, идеялар балдарды социалдаштыруу процессиндеги ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүүгө багытталган илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгуу менен жыйынтыкталган.

Умарова Рита Нурдиновнанын “Баланын социалдашуу процессинде үй-бүлөдө ата-энелердин орду” деген темадагы илимий макаласынын актуалдуулугун, теориялык жактан негиздүүлүгүн жана илимий-практикалык жактан баалуулугун эске алуу менен макаланы басмага сунуштаймын.



Рецензент:

Поделитесь с Вашими друзьями:


База данных защищена авторским правом ©dogmon.org 2019
обратиться к администрации

    Главная страница